ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 19
“Т. Аширбаев” атындагы № 92 орто мектебине суу резервуарын курууга курулуш материалдарын сатып алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ана-Кызыл айылындагы “Т. Аширбаев” атындагы № 92 орто мектебине суу резервуарын курууга курулуш материалдарын сатып алууга акча каражатын бөлүп берүүжөнүндөгү маселени карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Т. Аширбаев” атындагы № 92 орто мектебине суу резервуарын курууга курулуш материалдарын сатып алууга Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн турак жай чарбасы бөлүмүнүн 22154900-статьясынан 58 510 (элик сегиз миң беш жүз он) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы У. Бакировго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Б.Мураталиев |