Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 22

 

Туратбеков Эрмекбайдын Чалдыбар участкасында сатып алган кой сарайынын ээлеп турган жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

 

               Туратбеков Эрмекбайдын Чалдыбар участкасында сатып алган кой сарайынын ээлеп турган жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү маселени карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Туратбеков Эрмекбайдын Чалдыбар участкасында сатып алган кой сарайынын ээлеп турган 2585 м2 жер тилкеси муниципалдык менчикке алынсын.

2. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.

3. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Р. Тологоновго мыйзамдарда каралган тартипте жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

Төрага:

 

Б.Мураталиев