Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 25

 

“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

               Ана-Кызыл айылынын Арык уулу участкасынын тургундарынын бала бакчага, ФАПка, спорт комплекске болгон муктаждыктарын канаттандыруу максатында, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 01-9/552 корутундусунун негизинде Төрт-Көл айылдык кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Ана-Кызыл айылынын Арык уулу участкасындагы № 782 контурдан бала бакча, ФАП, спорт комплекс куруу үчүн 0,50 га сугат айдоо, жалпысынан мамлекеттин менчигиндеги 0,50 га сугат айдоо жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жер тилкесин которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

Төрага:

 

Б.Мураталиев