ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 28
Айыл өкмөттүн контрактык негизде кошумча шататтык бирдиктери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, максаттарына, спецификациясына жана калкынын санына жараша контрактык негизде төмөндөгүдөй кошумча шаттык бирдиктер түзүлсүн:
- айыл башчысынын кызмат ордуна 6 кызматкер, Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинен, ар бирине, бир айлык эмгек акысы 29312 сомдон бекитилсин;
- мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча кызмат, ички чарбалык ирригациялык системаларды эксплуатациялоо, сугатжерлерине ээлик кылган жана пайдаланган адамдарга келишимдик шарттарда суууну бөлүштүрүү боюнча 1 кызматкер, Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинен, ар бирине, бир айлык эмгек акысы 29312 сомдон бекитилсин;
- жалпы аскердик милдеттер жөнүндө талаптарды аткарууну камсыз кылуу боюнча 1 кызматкер, Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинен, ар бирине, бир айлык эмгек акысы 29312 сомдон бекитилсин;
2. Мамлкеттик сатып алуулар боюнча адис Н. Мырзабаевага, айыл өкмөтүнүн ички архивинин иш кагаздарын кошумча жүргүзгөндүгү үчүн контрактык негизде жумушка кабыл алынган кызматкелерге бекитилген 29312 сомдун, 30 пайызын эмгек акысына кошулуп берилсин.
3. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы У. Бакировго токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Б.Мураталиев |