Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 30

 

Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын эмгек акысын белгилөө жөнүндө

 

               Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде Төрт-Көл айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Мураталиев Бакытбек Абдикеримовичтин эмгек акысы 37293 сом, соц. фонд төлөмү 5225 сом өлчөмүндү белгиленсин.

2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы У. Бакировго токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

Төрага:

 

Б.Мураталиев