Редакцияот 18.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-январы № 23/123

 

Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 29.11.2022 жылы №07.3/11273, 02.12.2022 жылы №07-3/11317 көрсөтмөсүн кароо жөнүндө

 

Жазы айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчилике алып, айылдык Кеңешинин бюджет, эканомика, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссииясында каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жазы айыл аймаганын эканомикалык-пландоонун аймактык каеффиценти “К” 1,2ге барабар деп кабыл алынсын.

2. Айыл чарба багытында эмес жер салыгын эсептөө жана кыймылсыз мүлктүн 1-2-3 топтогу обьектилерине салык чегүү 2023-жылдын 17-январынан тартып күчүнө кирсин.

3. Жазы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мүлк салыктары жергиликтүү бюджеттин эсебинде калтырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин бюджет, эканомика, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссииясы жана айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин. 

 

Төрага:

 

К.Камчибеков