Редакцияот 31.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги жетинчи сессиясынын

 

2025-жыл 31-январындагы №7-2

 

Жергиликтүү бюджеттин калдыктарын иштетүү жөнүндө

 

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен калган 9537,6 миң сом, атайын каражат эсебинен 673,3 миң сом калган калдыкты 2024-жылдын сметасында каралып аткарылбай калган чыгымдарга жана башка зарыл чыгымдарга сарптоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э. Жолдошованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.     Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджетинин каржыланбай калган калдыкты жана 2024-жылда такталган киреше пландарынан ашыкча жыйналган каражаттар жалпы 9537,6 миң сом, атайын каражаттан 673,3 миң сом акча каражаты төмөндөгү чыгымдарды каржылоого бекитилсин.

2024-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар порталына берилип, каржыланбай калган 3870,6 миң сомду келишимдердин негизинде каржылоо №1 тиркемеге ылайык жумшалсын.

-        Өзгөчө кырдаалдар (Көк-Арт дарыясынын жээгин бекемдөө) үчүн 600,0 миң сом;

-        Айылдардагы сел каналдарды казып, оңдоо үчүн 450,0 миң сом;

-        Айыл аймагындагы арыктарды тартып, тазалоо үчүн 350,0 миң сом;

-        Мундуз айылына жана айылдарга видео көзөмөл орнотуу үчүн 200,0 миң сом;

-        А.Матиев атындагы орто мектебине КАСА-1000 долбоору менен курулган музейге айыл өкмөт салымы үчүн 200,0 миң сом;

-        К.Төрөмаматов атындагы орто мектебинин ашканасын КАСА-1000 долбоору менен оңдоо үчүн айыл өкмөт салымына 32,0 миң сом;

-        Бала бакчаларга видео көзөмөл орнотуу үчүн 308,0 миң сом;

-        “Бактылуу наристе” бала бакчасына балдар ойноочу жабдууларды алууга 200,0 миң сом;

-        “Бактылуу наристе” бала бакчасынын айланасын тосууга 300,0 миң сом;

-        “Балапан” бала бакчасына беседка, селкинчек курууга 220,8 миң сом;

-        “Балалык” бала бакчасына идиш-аяк алууга 86,3 миң сом;

-        Бала бакчаларга компьютерлерди, принтерлерди алууга 160,0 миң сом;

-        К.Төрөмаматов атындагы орто мектебине футболдук стадион куруу үчүн 1200,0 миң сом;

-        Талаа-Булак айылынын Оморов көчөсүнө 2 км электр зымдарын алуу үчүн 60,0 миң сом;

-        Ак-Баш айылындагы бала бакчанын курулуш иштерине 700,0 миң сом;

-        Кызыл-Сенир айылынын таза суу системасынын курулуш иштерине 400,0 миң сом;

-        А.Осмонов атындагы орто мектебинин полун алмаштырууга 65,0 миң сом;

-        А. Базаров атындагы орто мектебине генератор (движок) алуу үчүн 70,0 миң сом;

-        И. Стамкулов атындагы орто мектебине муздаткыч алуу үчүн 35,0 миң сом;

-        Жаны-Ачы айылындагы ФАПка жылытуу системасына трубаларды алууга 30,0 миң сом №2 тиркеме ылайык бекитилсин.

2.     Атайын каражат (ата-энелер төлөмү) эсебинен калган 673,3 миң сом акча каражатын ата-энелердин жалпы чогулушунун протоколунун негизинде бала бакчаларга керектүү чарба товарларын алууга жана керектүү муктаждыктарына жумшалсын.

3.     Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

А. Алимов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кызыл Туу айылдык Кеңешинин

2025-жылдын 31-январындагы

№ 7 сессиясынын №1 тиркемеси

 

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 1-январь 2025-жылга аткарылбай калган жумуштардын тизмеси

 

№

Иш чаралардын аталышы

Аткаруучунун аты-жөнү

Келишим номери, күнү

Сумма (миң сом)

Бөлүмү

Берене

1

Мундуз бала бакчасынын ремонт иштерин бүтүрүүгө айыл өкмөт салымы

 "СтС- Трейд" ЖчК

31.12.2024

1345,0

70911

3111

2

Орто-Азия айылына тротуар куруу

ЖчК "Трасса+"

№3 16.01.2025

766,6

70629

3111

3

Мал базар документ иштери үчүн

 ЖчК "Талгат Групп"

№286 24.12.2024.

599,99

70629

2215

4

Орто-Азия айылына скважина чыгаруу үчун трансформатор алуу

 ЖчК "Абду-Амир"

№7 29.01.2025

428,0

70629

3111

5

Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө футбол боюнча лига өткөрүү

 ЖчК "Пром склад"

№4 16.01.2025

97,8

70111

2215

6

Мектептерге электро товар алуу

 ЖИ Джороев Ринат

№288 25.12.2024

49,5

70921

2221

7

Ак-Ниет бала бакчасына төшөк, матрац алуу

ЖчК " УПП КОС и КОГ"

№298  27.12.2024

100,0

70911

3112

8

Таштак айылында бала бакчанын ПСД үчүн

ЖчК "МК-Проект"

№284 27.12.2023

90,3

70629

2215

9

Археологиялык изилдөө иштери үчүн

ЖИ .Алишер кызы Салтанат

№260 10.12.2024

44,0

70629

2215

10

Мундуз айылына тротуар куруу үчүн

ОсОО"Бетельгейзе"

№145 24.10.2022

117,2

70629

3111

11

Көз карандысыз баалоочунун кызматы

ЖИ Досов Эмилбек

№2 16.01.2025

39,5

70629

2215

12

Ак-Ниет бала бакчасынын ремонт иштери үчүн

ЖчК О"Гагарин"

№

28,3

70911

2221

13

Үмүт социалдык шаарчасынын документ иштерине

Гос регистр

№297  30.12.2024

151,6

70111

2215

14

Достук бала бакчасына принтер алуу

ЖчК "Техно смарт"

12,8

70911

3112

 

Жыйынтык

 

 

3870,6

 

 

 

Кызыл Туу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж. Шералиева

 

СЭӨБ башчысы Э.Жолдошова