Редакцияот 12.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш  айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз VI сессиясы

   2025-жылдын 12-марты № 6/4

Тилектеш  айыл аймагынын Осоавиахим айылынын тургундарынын айылдын атын тарыхый ат болгон Үсөн-Кыштоо деп өзгортүү жөнүндөгү протоколун аткарууга алуу  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобонун негизинде жана  Осоавиахим айылынын тургундарынын 2025-жылдын 1-мартындагы №3 сандуу жалпы элдик жыйынынын протоколун  угуп жана талкуулап, Тилектеш  айылдык Кеңешинин  VIII чакырылышынын кезексиз VI   сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобонун негизинде жана Осоавиахим айылынын тургундарынын 2025-жылдын 1-мартындагы № 3 сандуу жалпы элдик жыйынынын протоколу жактырылсын.

2.Осоавиахим айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын чечимин эске алуу менен айылдын атын Үсөн-Кыштоо деп өзгөртүү жөнүндө иш кагаздары тиешелүү жогорку органдардан суралсын.

3.Осоавиахим айылынын атын Үсөн-Кыштоо деп өзгөртүү жөнүндөгү айылдык кеңештин чечими тиешелүү жогорку органдарга билдирилсин.

4.Айылдын атын өзгөртүү жөнүндөгү мурдагы Жошолу айылдык кенешинин 12.05.2021-ж. № 43/2 сандуу токтому жокко чыгарылсын.

5.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

К.Төрөшев