Редакцияот 18.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-январы № 23/129

 

Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дыйкан айылынын Ынтымак участкасындагы Э.Болотбеков көчөсүндөгү 2004-жылы жер көчкүдөн жабыркагандардын жер тилкеси жөнүндө

 

Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дыйкан айылынын Ынтымак участкасынын Э.Болотбеков көчөсүндөгү 2004-жылы жер көчкүдөн жабыркагандардын жер тилкеси жөнүндө айылдык кеңештин жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т

 

1. Кожомова Айгүл Махаматжановнанын жана Хужамова Тажиге берилген жер тилкелери калктуу конуш категориясына которулсун.

2. Кара-Дыйкан айылына караштуу мурунку Сельхоз техникада көп жылдан бери үй куруп жашап жаткан жарандардын жер тилкелерине башкы план түзүлсүн.

3. Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Дыйкан айылынынт МТФ-2 участкасынын №21 кварталына өзгөртүлүп түзүлгөн башкы планы бекитилип берилсин.

4. Жер участокторун максатка ылайык пайдалануу жана экологиялык нормаларды сактоо жагы,Жазы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышы Жазы айылдык кеңешинин жер жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын 

 

 

Төрага:

 

К.Камчибеков