ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Жазы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 1-сессиясы
2024-жылдын 21-февралы № 6
Зергер айылдык кеңеши, Кызыл-Тоо айылдык кеңеши 14 депутаты менен жана Жазы айылдык кенешине кошулуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Жазы айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Зергер айылдык кеңеши, Кызыл -Тоо айылдык кеңеши 14 депутаты менен жана Жазы айылдык кенешин бириктирүү жолу менен “Жазы айыл аймагынын айылдык кенеши” болуп кайра түзүүгө макулдук берилсин.
2.Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Жазы айылдык кенешинин” төрагасына жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: |
| К.Камчибеков |