Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги отуз биринчи сессиясынын
2024-жылдын 19-апрели № 31-1
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлиндеги пилоттук режимде административдик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн административдик чек арасынын тсхемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Т. Зулпуев айылдык кеңешинин төрагасына жана Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокат райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | М.Бакиров |