Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги
5-отуруму
2025-жылдын 17-марты 5/8
Курманжан Датка айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Респбуликасынын 2021-жылдын 05-майындагы №60 “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жѳнүндѳ” Мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык, «Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү» жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтомун жетекчиликке алып, аймакта укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу максатында, Курманжан Датка айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун Уставы бекитилсин (Тиркеме-1).
2. Коомдук алдын алуу борборунун уюштуруу маселеси боюнча иш алып баруу жагы №3 Кабылан-Көл айылдык китепкана башчысы А. Сатаровага тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |
Курманжан Датка айылдык кенешинин
VII чакырылышынын
кезектеги 5-отурумунун
№5/8 токтому
менен бекитилди
Коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставы
1. Жалпы жоболор
1Т Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КААБ) – Курманжан Датка айыл айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштарында укук бузууларынын алдын алууну уюштурууга жана жарандардын биргеликте катышуу максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун толук аталышы:
2.- мамлекеттик тилде «Коомдук алдын алуу борбору» коомдук бирикмеси.
3. КААБ өз ишин «Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. КААБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүчү уюм.
5. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун дареги:
Ош облусу, Алай району, Боз-Караган айылы, Маматок Акжигит атындагы -2 көчөсү, үй № 5
2. КААБдын максаттары жана милдеттери:
6.КААБдын максаты ЖОБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.