Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын  кезектеги  отуз биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 31-7

Т.Зулпуев атындагы  айыл  өкмөтүнө  караштуу Кыркол  жайытындагы

№644-контурундагы жайыт жеринен 10 (он) сотых жер аянтын кой чөмүлтүүчү (купка) курууга ажыратып  берүү жөнүндө

 

Т. Зулпуев  атындагы айыл  өкмөтүнүн  Кыркол жайытындагы №644-контурундагы жайыт жеринен 10 (он) сотых жер аянтын кой чөмүлтүүчү  (купка) курууга ажыратып  берүү жөнүндөгүсураныч  катын кезектеги сессияда карап, талкуулап Т. Зулпуев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т. Зулпуев  атындагы  айыл өкмөтүнүн  Кыркол  жайытындагы №644-контурундагы жайыт жеринен 10 (он) сотых жер аянтын кой чөмүлтүүчү (купка) курууга ажыратып  берүүгө макулдук берилсин.

2.Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинини төрагасы А. Араповго  милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин  Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 М.Бакиров