Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын  кезектеги  отуз биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 31-9

“Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин Жергиликтүү жамаатынын  Уставын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын-пикир сунуштарын эске алып, тиешелүү туруктуу комиссиянын корутундусуна жана КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна негиз айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Т.Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүүгө макулдук берилсин.

2.Жогорудагы токтом жана жергиликтүү жамааттын Уставы КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин www gamsumo .gov.kg веб сайтына жарыялансын.

3.Жогорудагы токтом жана жергиликтүү жамааттын уставы КР ченемдик укуктук актылар мамлекетик реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.Токтом расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

 

Төрага:

 М.Бакиров