КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз IX-сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 34
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 17-мартындагы 01-07-608 номери менен чыгышталган “Кадамжай шаарынынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин түз сатык жолу менен сатууда старттык баасына пайыз кошуп төлөө тууралуу” кайрылуусу
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 17-мартындагы 01-07-608 номери менен чыгышталган “Кадамжай шаарынынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин түз сатык жолу менен сатууда старттык баасына пайыз кошуп төлөө тууралуу” кайрылуусу жана шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кадамжай шардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кадамжай шаарынынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин түз сатык жолу менен сатууда бааланган старттык баасына 20 пайыз кошуп төлөөгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Төрага: | К.Дастиров |