Редакцияот 26.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз IX-сессиясы

 

2025-жылдын 26-марты № 37

 Кадамжай шаарындагы жаңыдан болгон көчөгө  Ыдырыс Турдалиевдин                   ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

 Кадамжай шаардык мэриясынын Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата “Шаардагы жаңыдан болгон көчөгө Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон Ыдырыс Турдалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” кайрылуусун жана шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна негиз, Кадамжай шардык кеңеши  

                             

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кадамжай шаарындагы жаңыдан болгон көчөгө Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон Ыдырыс Турдалиевдин ысымы ыйгарылсын.
  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
  1. Демилгелөөчү тарапка жогорудагы көчөнү дайыма оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.

Төрага:

 К.Дастиров