Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV-сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 16
Аксакалдар сотунун Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары О.Ганиевдин сунушунун негизинде Бирлик айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунунТиптүү Регламенти менен жалпы депутаттар таанышып жана аны бекитүү максатында Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунунТиптүү Регламентибекитилсин.
2.Бекитилген Регламент боюнча иш алып баруу жагы аксакалдар сотунун төрагасы М.Атамовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары О.Ганиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Гафуров |
Бирлик айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №16 токтомуна тиркеме
I . Жалпы жоболор
1. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам), Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелерин белгилейт.
2. Аксакалдар соттору – ыктыярдуу жанажергиликтүү коомчулуктун колдоосунда, шайлануунун жана өз алдынча башкаруунун негизинде түзүлүүчү, Мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда жарандардын, жарандар менен юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар жөнүндө иштерди (материалдарды) кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук орган.
3. Аксакалдар соттору Мыйзамда аныкталган тартипте айыл аймактын жана шаардын аймактарында жарандардын чечими боюнча уюштурулат.
4. Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, аталган Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.
Аксакалдар соттору өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кыргызстан калкынын тарыхый калыптанган салттарынан жана үрп-адаттарынан келип чыккан моралдын жана адеп-ахлактын ченемдерин жетекчиликке алат.
5. Аксакалдар сотторуна Мыйзам менен жарандардын бузулган же талашып жаткан укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же аларды жараштыруу; мыйзамдуулукту бекемдөөгө, укук тартибин сактоого көмөктөшүү, социалдык чыр-чатактарды баштапкы этабында жоюуга катышуу; жарандарды мыйзамдарды, моралдын ченемдерин, адеп-ахлакты, Кыргыз Республикасынын элинин мыйзамдарга карама-каршы келбеген үрп-адаттарын жана салттарын урматтоого тарбиялоо милдеттери жүктөлгөн.
6. Аксакалдар соттору ушул Регламенттин 5-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүдө ынандыруу, коомдук таасир этүү, тараптарды жараштырууга жетишүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген адилеттүү чечим чыгаруу жолу менен иш алып барат.
7. Аксакалдар сотторунун актылары чечим жана аныктама түрүндө чыгарылат. Аксакалдар соттору каралган иштин маңызы боюнча чечим, ал эми териштирүүнүн жүрүшүндө чечүүнү талап кылган айрым маселелер боюнча аныктама кабыл алышат.
Чечимге аксакалдар сотунун төрагасы же төрагалык кылуучу кол коѐт. Аныктама аксакалдар сотунун жыйыны учурунда кабыл алынса, аныктамага аксакалдар сотунун төрагасы же төрагалык кылуучу кол коѐт, аныктама материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо учурунда кабыл алынса, аныктамага материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо жүргүзгөн аксакалдар сотунун мүчөсү кол коѐт.
8. Аксакалдар сотунун чечимдери жана аныктамалары, аксакалдар сотунун жыйналыштарынын протоколдору аксакалдар сотунун төрагасы, аксакалдар сотунун мүчөлөрү менен макулдашуунун негизинде, аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу болуп аныктаган аксакалдар сотунун мүчөсү (мындан ары – катчы) тарабынан таризделет.
9. Аксакалдар сотторунун кароосуна келип түшкөн бардык материалдар (иштер жана арыздар) келип түшкөн күнү атайын журналга катчы тарабынан катталат.
10. Аксакалдар соту иштерди (материалдарды) жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндө карайт.
11. Аксакалдар сотунун төрагасы же төраганын тапшырмасы менен аксакалдар сотунун мүчөсү келип түшкөн иш (материалдар) менен 5 календардык күндүн ичинде алдын ала таанышып чыгып, Мыйзамдын 7,
19 жана 22-беренелеринин талаптарын эске алып, аксакалдар сотунун компетенциясына кирер-кирбесин, ушул ишти аксакалдар сотунун кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин, олуттуулугу боюнча ишти кароо үчүн андагы материалдардын жетиштүүлүгү тууралу корутунду түзөт.