ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 28
Исхак-Полотхан айыл аймагындагы спирт ичимдигин саткан дүкөндөргө чектөө киргизүү жөнүндө.
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги бешинчи сессиясына сунушталган “Исхак-Полотхан” МАБнын башчысы милициянын майору Н.Сраждиновдун № 15/21 катын талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-октябрындагы Тынчтык жөнүндө Мыйзамына негиз, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
- Исхак-Полотхан айыл аймагында жайгашкан спирт ичимдигин саткан соода дүкөндөргө эрте мененки 8:00 дөн кечки саат 20:00гө чейин чектөө киргизилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Исхак-Полотхан айыл аймагынын “Исхак-Полотхан” МАБнын башчысы милициянын майору Н. Сраждиновго жүктөлсүн.
Төрага |
| Г.Матажиев |