Редакцияот 03.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2024-жылдын 3-сентябры  №25/4

 

Араван районун  Керме-Тоо  айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 

  Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III-кварталынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү  жөнүндө меселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин  VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III-кварталынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгүнүн өзгөрүүлөрү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III-кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттарынын өзгөрүүлөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 А.Шерматов