Редакцияот 26.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2025-жылдын 26-марты № 61

Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Булак айылындагы Тамак көчөсүнүн аталышын  өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” № 67 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобону жетекчилике алып, Кара-Булак айылынын Тамак көчөсүнүн жашоочуларынын элдик жыйынынын 2025-жылдын 31-январындагы протоколун карап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 26-мартындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат: 

 

  1. Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Булак айылындагы Тамак көчөсүнүн аталышын Темиров Сайдахмат атындагы көчөсү болуп  өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  1. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы                      

            Суу-Башы  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго  

            милдеттендирилсин.

 

3.     Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Ушул токтомду  көзөмөлгө алуу жагы этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К.Шакиров