СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 67
Боз-Адыр айылына тике суу кудук казуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Суу-Башы айылдык кеңешинин жер,айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 26-мартындагы отурумунун корутундусуна ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын Боз-Адыр айылынын тургуну А.Балтабаевдын 2025-жылдын 27-февралындагы кайрылуу катынын негизинде,Боз-Адыр айылында жайгашкан айыл өкмөтүнө караштуу жер аянтына бак кылуу максатында, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Боз-Адыр айылында жайгашкан айыл өкмөтүнө караштуу жер аянтына тике суу кудук казуу үчүн 4м2 жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
- Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер,айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакиров |