Загрузка документа…
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2024-жылдын 3-сентябры №25/5
Араван районун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024- жылдын IV-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV-кварталынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө меселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын II-жарым жылдыгында айыл чарба багытындагы жерлердин салыгынын жоготууларын Республикалык бюджет тарабынан каржыланган 510,2 миң сом жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгүнүн өзгөрүүлөрү №1 тиркимеге карата бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV-квартал ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттарынын өзгөрүүлөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин (№2 тиркеме тиркелет).
3. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV-квартал ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн беренелер боюнча жылдыруулары №3 тиркемеге ылайык жылдырылсын (№3 тиркеме тиркелет).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Шерматов