Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2024-жылдын 3-сентябры №25/6
Араван районун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024- жылдын IV кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV кварталынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө меселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV кварталында жергиликтүү бюджетинин кирешеси, жыл башына бекитилген планга карата өзгөртүүлөрү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет).
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн кошумчасы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№2 тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Шерматов