Редакцияот 03.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2024-жылдын 3-сентябры №25/8                                       

 

 

Араван районунун  Керме-Тоо  айыл өкмөтүнүн  Гүлбаар айылынын  М.Маматов атындагы көчөсүнүн  узундугу 300 метр жерин капиталдык оңдоодон өткөрүү  жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча  айыл өкмөтүнүн  башчысынын билдирүүсүн угуп  Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин алдындагы Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна ылайык дем берүүчү (үлүштүк)  гранттардын эсебинен долбоорлорду  тандоо жана каржылоо жөнүндө токтомуна ылайык Керме-Тоо айылдык Кеңешинин VII чакырылышынынкезексиз XXV  сессиясынын олтуруму маселени карап, талкуулап чыгып токтом кылат:

 

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы М.Маматов атындагы көчөсүнүн узундугу 300 метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин алдындагы Дем берүүчү (үлүштүк)  гранттын  кароочу комиссиясынан суралсын. 

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн  Гүлбаар  айылынын М.Маматов атындагы  көчөсүнүн  узундугу 300 метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүүгө  КРнын Финансы Министрлигинин Дем берүүчү (үлүштүк)  гранттын алкагында жалпы узундугу 300 метр жерге  асфальт төшөө үчүн айыл  өкмөтүнүн бюджетинен  салымы катары 748,0 миң сом  акча каражаты 2025-жылдагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин эсебинен 784,0 миң сом  акчалай каражат ажыратылып берилсин.

3. Жогорудагы  долбоорду  ишке ашырууга тийиштүү болгон финансылык каражаттарды таап,  мыйзам чегинде аткаруу жагы  айыл өкмөтүнүн  ФЭБ башчысына  жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                  А.Шерматов