ТоктомКүчүндө

Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-ноябры №1/1 «Керме-Тоо айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө» токтому

Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры №1/1                                       

 

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун

жыйынтыгы жөнүндө 

 

Эсептөө комиссиясынын №1 протоколун жана маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 40-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:

 

1. Эсептөө комиссиясынын Керме-Тоо айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 29-ноябрындагы №1 протоколу бекитилсин.

         

2. Абсатар уулу Мунарбек Керме-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

         

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

Керме-Тоо айылдык

кеңешине төрагалык

кылуучу                                                Г.Т.Токторова