Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры №1/3                                       

 

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын

курамын түзүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 36-37-беренелерин жана кезектеги сессиянын №1 протоколун жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:

 

1. Керме-Тоо айылдык кеңешинде төмөндөгүдөй 5 (беш) туруктуу комиссия түзүлсүн:

 

- регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясы;

- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы;

- бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы;

- мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы;

- жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы.

 

2. Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

         

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

Керме-Тоо айылдык

кеңешинин төрагасы                       Абсатар уулу Мунарбек

 

 

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин

VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын № 1/3 токтомунун №1-тиркемеси

 

 

Керме-Тоо айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын

төрагалары жана комиссия мүчөлөрү

 

1.     Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясы:

 

-       Рахманбердиев Арзыбек - комиссиянын төрагасы;

-       Атазова Калбү Карыбековна - комиссиянын мүчөсү;

-       Адан уулу Акылбек - комиссиянын мүчөсү.

 

2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы:

-       Орозов Жыргалбек Абдикаарович - комиссиянын төрагасы;

-       Ариков Мирланбек Максудович - комиссиянын мүчөсү;

-       Ахматов Нургазы Нурматович - комиссиянын мүчөсү;

-       Ахматова Айгуль Нематовна - комиссиянын мүчөсү.

3. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы:

-       Абдрасул уулу Шаирбек - комиссиянын төрагасы;

-       Орозбаев Абсатар Мамасалиевич - комиссиянын мүчөсү;

-       Мурзалиева Гүлмира Алымкуловна - комиссиянын мүчөсү;

-       Аскарбай кызы Гулипа - комиссиянын мүчөсү;

-       Эрмамат уулу Акылбек - комиссиянын мүчөсү.

 

4. Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы:

-       Махаматмусаев Тынчтыкбек Махаматмусаевич - комиссиянын төрагасы;

-       Матбекова Санавар Мырзаматовна - комиссиянын мүчөсү;

-       Токторова Гулжамал Туташевна - комиссиянын мүчөсү.

5.     Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы:

 

-       Жолонов Чолпонбай Арапбаевич - комиссиянын төрагасы;

-       Аматова Нурпери Карыбековна - комиссиянын мүчөсү;

-       Ташматов Тынчтыкбек Момунжанович - комиссиянын мүчөсү

-       Жамшитбек уулу Сапарбек - комиссиянын мүчөсү.

 

 

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы                      Э.Назарбаев