Редакцияот 13.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын кезексиз  IV сессиясы

 

   2025-жылдын 13-январы № 4/2

Тилектеш  айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы, 2025-2029-жылдарга карата өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

 

  Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрындагы № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык Тилектеш  айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын угуп, 2025-2029-жылдарга карата өнүгүү планын бекитүүнү карап,талкуулап Тилектеш айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын кезектеги  IV сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Тилектеш айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

 

2.Тилектеш айыл өкмөтүнүн 2025-2029-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн экономист-статисти Ж.Абдырахмановага тапшырылсын.

 

Төрага:

К.Төрөшев