Редакцияот 11.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү отуруму

2024-жылдын 11-сентябры  № 49

Кара-Мык айылындагы клубдун долбоорун жана Кара-Мык, Жекенди МЧББУна кошумча корпус куруу үчүн долбоорун даярдоого уруксат берүү жөнүндө

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Кара-Мык айылындагы клубдун долбоорун жана Кара-Мык, Жекенди МЧББУна кошумча корпус куруу үчүн долбоорун даярдоого уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз үчүнчү сессиясы токтом кылат:

 

1. Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Кара-Мык айылындагы клубдун долбоорун жана Кара-Мык, Жекенди МЧББУна кошумча корпус куруу үчүн долбоорун даярдоого уруксат берүү жөнүндөгү сунушу жактырылсын.

2.Кара-Мык айылындагы клубдун долбоорун жана Кара-Мык, Жекенди МЧББУна кошумча корпус куруу үчүн долбоорун даярдоого уруксат берилсин.

3.Токтомду аткаруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мурзапар уулу Назириллого жүктөлсүн.

Төрага

С. Халилов