Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара–Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы

2024-жылдын 28-ноябры № 1/3

Кара –Кулжа айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө

комиссиясынын жашыруун дюбуш берүүнүн жыйынтыгы

жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алып, Эсептөө комиссиясынын жашыруун дюбуш берүүнүн жыйынтыктарынын 28-ноябрь 2024-жылдагы №3-протоколу жана №4-протоколу жөнүндө Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Эсептөө комиссиясынын Кара-Кулжа айылдык кеңештин төрагасы шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 28-ноябрь 2024-жылдагы №3-протоколу жана  №4-протоколу бекитилсин.

 

2.Беш мандаттуу 1-Май шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты Ормокеев Айбек Алимбекович Кара-Кулжа айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Кара-Кулжа айылдык кенешинин жаш

курагы улуу депутаты:

Б. Саипов