Редакцияот 04.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин  (VIII шайланган ) депутаттарынын кезектеги төртүнчү  сессиясынын жыйынынын

2025-жылдын 04-февралы № 4/2

Кара-Кочкор таза суу боюнча тарифтерин, кызматчылардын штаттык бирдигин, 2025-жылга түзүлгөн сметасын бекитүү жана 2024-жылдын финансалык отчетуулугунун жыйынтыгы менен пайда болгон чыгашасын Кара-Кочкор айыл өкмөтү тарабынан каржыланган акча каражатынын эсебинен жоюу жөнүндө.

 

        Кара-Кочкор “Таза суу” муниципалдык ишканасынын таза суу боюнча тарифтерин, кызматчылардын штаттык бирдигин, 2025-жылга түзүлгөн сметасын бекитүү жана 2024-жылдын финансылык отчеттуулугунун жыйынтыгы менен пайда болгон чыгашасын Кара-Кочкор айыл өкмөтү тарабынан каржыланган акча каражатынын эсебинен жоюу жөнүндөгү “Таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Осмон уулу Нуралынын 04.02.2025-жылдагы маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

    1.Кара-Кочкор айылынын элдик жыйынынын чечими менен “Таза суу”  муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана калкка кызмат көрсөтүүдөгү ставкасы:

       - көчөдөн пайдаланган бир түтүнгө -  100 сомго,

       - короосунан пайдаланган бир түтүнгө  - 150 сомго,

       - суу түтүгүн кароосуна киргизүүгө уруксат берүү жана кызмат көрсөтүү боюнча – 1000 сомго бекитилсин.

 

      2.Ишкананын жумушчу кызматкерлеринин штаттык бирдигин түзүлгөн штаттык бирдигинин негизинде бекитилсин.

 

      3.Ишкананын 2025-жылдык сметасын түзүлгөн жылдык сметанын жыйынтыгы боюнча бекитилсин.

 

      4.Ишкананын 2024-жылдын жыйынтыгы менен пайда болгон 1 498 728 сом чыгашасын Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан каржыланган 2 851 566 сомдун эсебинен жабылсын.

 

      5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор “Таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Осмон уулу Нуралыга  жана Кара-Кочкор айыл аймагынын    айылдык Кеңешинин  Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага  

Мухамедысак уулу Э.