Редакцияот 04.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин  (VIII шайланган ) депутаттарынын кезектеги төртүнчү  сессиясынын жыйынынын

2025-жылдын 04-февралы № 4/4

Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын 20.01.2025-жылдагы № 01-4/17 чыгуу санындагы катына ылайык Турак жайга же   мүлк салыгынын базалык салык наркын 2025-2026-2027-жылдарга бекитип берүү жөнүндө.

МСКнын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379-380-беренелерине өзгөртүү кирип жаткандыгына жана 2025-жылдын план тапшырмасын аткарууда тоскоолдуктарды болтурбоо максатында турак жайга же мүлк салыгынын базалык салык наркын бекитип берүү жөнүндөгү ага салыкчы Т.Эрмековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

      1.Кара-Кочкор айыл аймагы боюнча Турак жайга же    мүлк салыгынын базалык салыктык наркы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

 

№

Дубалдардын материалдары

Эксплуатациялоо мөөнөтү

Базалык наркы, сом

1

Кыш

5 жылга чейин

5-15 жыл

15-30 жыл

30-45 жыл

45 жыл

15

14

13

12

10

2

Жыгач

5 жылга чейин

5-15 жыл

15-30 жыл

30-45 жыл

45 жыл

13

12

11

10

8

3

Курама же монолиттүү бетон, темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор. пеноблоктор, айнек, сендивич - панел

5 жылга чейин

5-15 жыл

15-30 жыл

30-45 жыл

45 жыл

14

13

12

11

10

4

Чийки топо (саман, гуваляк,сокмо)

5 жылга чейин

5-15 жыл

15-30 жыл

30-45 жыл

45 жыл

10

9

8

6

5

5

Шлакоблок, полистролдук курулуш блогу

5 жылга чейин

5-15 жыл

15-30 жыл

30-45 жыл

45

9

8

7

6

5

6

Металл

Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан

10

7

Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар

Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан

8

 

        2. Кара-Кочкор айыл аймагы боюнча таштанды жыйымынын мекеме ишканаларга бир жашоочуга, ал эми коомдук тамактануу жайларга , соода түйүндөрүнө, кызмат көрсөтүүчү жана башка коммерциялык багыттагы жайларга курулуштун бир чарчы метр аянтына ставкасынын наркы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

 

№

Кв.метрге чейин

Ставка

Сумма

1

20

100

2000

2

50

60

3000

3

100

40

4000

4

150

30

4500

5

300

20

6000

6

500

15

7500

7

800 (чейин жана жогору)

10

8000

 

        3. Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 75-76- беренелеринин негизинде таштанды  ташып чыгаруу жыйымынын өлчөмү 2025-жылдын 1-январынан  мекеме-уюмдарда иштеген жумушчуларга ставка  100 сомдон бекитилсин. Төлөө мөөнөтү учурдагы жылдын 1-сентябрына белгиленсин.

 

        4. Бекитилген жаңы базалык салыктык нарк боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүп, 2025-жылдын план тапшырмасын аткарууну камсыз кылуу жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.

 

       5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ага салыкчысы Т.Эрмековго жана Кара-Кочкор айыл аймагынын    айылдык Кеңешинин  Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

Төрага  

Мухамедысак уулу Э.