Редакцияот 04.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин  (VIII шайланган ) депутаттарынын кезектеги төртүнчү  сессиясынын жыйынынын

2025-жылдын 04-февралы № 4/5

Кара-Кочкор айыл аймагынын   “Кара-Кочкор Жайыт жана сугат суу” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө.

 

       Кара-Кочкор айыл аймагынын   “ Кара-Кочкор Жайыт жана сугат суу” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндөгү “Кара-Кочкор Жайыт жана сугат суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кайыпкулов Талгарт Амалбековичтин 04.02.2025-жылдагы маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

     1. Кара-Кочкор айыл аймагынын   “ Кара-Кочкор Жайыт жана сугат суу” муниципалдык ишканасы болуп бекитилсин.

 

      2. Кара-Кочкор айыл аймагынын   “ Кара-Кочкор Жайыт жана сугат суу” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.

 

      3. Аткарылышын, акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

      4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн Орун басар-жооптуу катчысына жана Кара-Кочкор айыл аймагынын  айылдык Кеңештин Регламент, депутаттык этика, мандат, мыйзамдуулуктуу, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага  

Мухамедысак уулу Э.