Редакцияот 06.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү III сессиясы

2025-жылдын 6-февралы  № 3/27

Баетов айыл аймагынын Терек айылынын Молдобасан көчөсүндө бош жаткан 5 сотых жер аянтын Баетов айыл өкмөтүнүн балансына алууга жана намазкана куруугу макулдук берүү жөнүндө 

КР 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдын       5-бөлүмүнүн 18-19-беренесине ылайык, маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезектүү III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Баетов айыл аймагынын Терек айылынын Молдобасан көчөсүндө жайгашкан 4-01-07-1001-0285 жана 4-01-07-1001-0168 идентификациялык коддору менен чектешкен  бош жаткан 500м2   жер аянтын Баетов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2. Муниципалдык менчикке алынгандан кийин намазкана курууга макулдук берилсин.

3. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл чарба архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ч. Азимжанов