ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын IV-кезектеги сессиясы
2022-жылдын 8-февралы № 7/1
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга аткарылышын, 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык Жаны-Арык айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVII-чакырылышынын 30.01.2020-жылдагы IX-кезектеги сессиясынын №25/1 токтому менен 2020-жылга карата бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй аткарылган:
Киреше бөлүгү | Кирешеден – 4250,5 мин сом |
| Теңдештирме гранттан – 5672,2 |
| Максаттуу трансферттер – 1050,1 мин сом |
| Жалпысы – 10972,8 мин сом |
Чыгаша бөлүгү | АУПка – 6505,7 мин сом |
| Клуб боюнча – 493,3 мин сом |
| Китепкана боюнча -162,5 мин сом |
| Соц.коргоо боюнча- 708,1 мин сом |
| Билим берүүгө – 985,2 мин сом |
| Бала бакчага – 598,7 - мин сом |
| Жайыт – 161,2 мин сом |
| Жалпысы - 9614,7 мин сом |
Жогорудагы 2020-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 10972,8 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 9614,7 мин сомго бекитилсин.
1-январь 2022-жылга кирешеден ашкан бюджеттик каражаттын суммасы 2171,9 мин сом, атайын каражаттан 19,2 мин сом. Жалпы 2191,2 мин сом.
2. 2022-жыл үчүн Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
Киреше бөлүгүнө | Кирешеден – 5843,6 мин сом |
| Анын ичинен: |
| Жайыт акысы – 442,0 мин сом |
| Атайын каражат – 561,0 мин сом |
| Теңдештирме гранттан – 4454,0 мин сом |
| Жалпы киреше бөлүгүнө – 10297,6 мин сом |
Чыгаша бөлүгүнө | АУПка – 6557,5 мин сом |
| Клубга – 607,7 мин сом |
| Китепканага – 182,2 мин сом |
| Соц.коргоо боюнча – 78,0 мин сом |
| Билим берүүгө – 961,5 мин сом |
| «Кызарт» бала бакчасына – 526,2 мин сом |
| «Кызарт келечеги» бала бакчасына – 450,4 мин сом |
| «Кызарт – Таң нуру» бала бакчасына – 492,1 мин сом |
| Жайыт – 442,0 мин сом |
| Жалпы чыгаша бөлүгүнө – 10297,6 мин сом |
2. 2023-жылдын киреше-чыгашасы – 10440,2 мин сом
| Кирешеден – 5986,2 мин сом |
| Тендештирме гранттан – 4454,0 мин сом |
3. 2024-жылдын киреше-чыгашасы – 10544,2 мин сом
| Кирешеден – 6090,2 мин сом |
| Тендештирме гранттан – 4454,0 мин сом, |
4. Биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, соц.фонд) жана коммуналдык чыгашалар каржылансын;
5. Бөлүнгөн каражаттар өзүнүн беренелери менен чыгымдалсын;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |