БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү IV сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 4/3
Үгүт айылынын Акматов көчөсүндөгү Кангожоев Чолпонбектин огородундагы ашыкча 2944м2 жер тилкесин Баетов айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алган фактыларынын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” №109 Жарлыгына ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт айылынын Акматов көчөсүндөгү Кангожоев Чолпонбектин огородундагы ашыкча 2944м2 жер тилкеси Баетов айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл чарба архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч. Азимжанов |