Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

 

Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

 

2025-жылынын  5-февралы №3/4

 

«Кара-Камыш айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө»

 

Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Кара-Камыш айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

 

Төрага Айтымбет уулу Э