Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XV сессиясы
2025-жылдын 18-сентябры №2
«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасына муниципалдык жер тилкесин убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.09.2025-жылдагы чыг.№01-18/5429 сандуу каты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектуура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 16.09.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасына Жалал-Абад шаарындагы Эшме айылындагы Сасык участкасында жайгашкан 12400,0 чарчы метр жана Төш-Кутчу айылындагы Кулбайлуу участкасындагы 37800,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкелерин 6 (алты) жылдык мөөнөткө убактылуу акысыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мериясынын жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектуура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |