Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

 

Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

 

2025-жылынын  5-февралы №3/7

 

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” № 26 сандуу токтомун аткаруу максатында кошумча кызматтарды аппарат кызматкерлерине аткарууга бекитип берүү жөнүндө»

 

Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 26 сандуу токтомунун негизинде, элдин жашоо тиричилигине керек болгон муктаждыктарды жеңилдетүү максатында жогоруда аныкталган (1-үлүш жери боюнча тактама, 2-жашоо шарты боюнча тактама, 3-өтүп кеткен жарандардын балдары менен чогу жашагандыгы жөнүндө маалымдама, 4-мал, жандыгы боюнча тактамаларды) муниципалдык кызматтары, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине кошумча аткарууга бекитилип берилсин.

2.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн.

3.Ушул токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

Төрага Айтымбет уулу Э