Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XV сессиясы
2025-жылдын 18-сентябры №1
«Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө»
ККыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 16.09.2025-жылдагы чыг.№01-18/5718 сандуу каты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 16.09.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Аттокуров көчөсү №66 дарегинде жайгашкан (индентификациялык номери 3-10-10-1007-0038) жалпы аянты 42700,0 чарчы метр Тешебаев Уланбек Осмонбековичке таандык жеке менчик жер тилкесин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкелерди өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |