Редакцияот 27.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы

2024-жылдын 27-декабры № 2/6

Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылына  республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, бүткөрүлүп жаткан спорт залга ат коюу  тууралуу Калматай айылынын элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жөнүндө

 

Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылына  республикалык бюджеттин  эсебинен курулуп, бүткөрүлүп жаткан  спорт залга  ат берүү жөнүндө Калматай айылынын элдик жыйынынын протоколун  угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңешинин  8-чакырылышынын кезектеги  2- сессиясы   

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылына курулуп, бүткөрүлүп жаткан спорт залга маркум Матиев Маматалинин атына берүү жөнүндө Калматай айылынын 2024-жылдын 18-декабрындагы №6 протоколу бекитилсин.

2.Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.

 

Төрага

 С.Ч. Абзаитов