Редакцияот 27.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы

2024-жылдын 27-декабры № 2/7

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4-“Кыргыз Республикасынын салык кодексин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагында ижарадагы сугат жана кайрак айдоолордун аукцион үчүн баштапкы баасын, калктуу конуштардын жерлеринин  салыгын, мал башына жайыт салыгын бекитүү жөнүндө

 

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде жыйналуучу  салыктарын бекитүү  жөнүндө кирешелер боюнча адис Адан уулу Бектин сунушун угуп  жана талкуулап чыгып,       Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы   

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижарадагы сугат жана кайрак айдоолордун аукцион үчүн баштапкы баасы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

Сугат айдоо - 5000 сом

Кайрак айдоо - 1500 сом

Чөп орунду - 1000 сомго белгиленсин.

2.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесин жетекчиликке алып,Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын жерлери үчүн салыктын өлчөмү зоналык коэффициенти (Кз) 2 өлчөмүндө белгиленсин.

3.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагында мал башына жайыт салыгы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарда калган малдарга:

майда жандыктарга       -   20 сом

ири мүйүздүү малдарга - 100 сом

жылкыларга - 100 сом

Айыл өкмөтүнүн аймагынан сыртка чыгып жайлоолоп келген малдарга:

майда жандыктарга       -   10 сом

ири мүйүздүү малдарга - 50 сом

жылкыларга - 50 сом

Айыл өкмөтүнүн аймагына сырттан келген малдарга:

майда жандыктарга       -   50  сом

ири мүйүздүү малдарга - 200 сом

жылкыларга - 200сомго белгиленсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.

 

Төрага

 С.Ч. Абзаитов