КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) III отуруму
2025-жылдын 31-январы № 11
Куршаб айыл аймагынын 2025-жылга жана 2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) III кезектүү отуруму Куршаб айыл аймагынын 2025-жылга жана 2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө маселесин күн тартибинде карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Куршаб айыл аймагынын 2025-жылга жана 2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун орто мөөнөттүү планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин..
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, ветеринария, жайыт, турак жай, жер, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага |
| Атчабаров Н. |
Куршаб айылдык кеңешинин
2025-жылдын 31-январь
№11-токтому менен бекитилген
Куршаб айыл аймагынын 2025-жылга жана 2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун орто мөөнөттүү планы
1. Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планы.
Максаты: Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу, климаттык өзгөрүүлөрдүн терс таасирин азайтуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын жашоо сапатын жакшыртуу.
Милдети: Экологиялык туруктуулукту камсыздоого, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялык чараларды ишке ашырууга багытталган интеграцияланган аракеттерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
Бул план - климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин азайтуу жана табигый ресурстарды натыйжалуу башкаруу үчүн жыл ичи аткарылуучу иш-чараларды аныктайт.
1.1. Жаратылыш ресурстарын жана мал чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча негизги багыттар жана иш чаралар
1-таблица.
Багыт | Иш-чаралар | Максаты | Күтүлгөн натыйжа | Мөөнөтү |
Айыл чарба багытындагы жер ресурстарын башкаруу | Жердин сапатын баалоо жана инвентаризациялоо | Айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу | Түшүмдүүлүк артат жана жердин деградациясы азайтылат | 2025-жыл |
Органикалык жер семирткичтерди жана заманбап технологияларды киргизүү | Өндүрүмдүүлүктү жана экологиялык туруктуулукту жакшыртуу | Экологиялык таза азыктар көбөйөт | 2025-жыл | |
Мал чарбасын башкаруу | Малдын санын жана сапатын инвентаризациялоо | Мал чарбачылыгынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу | Малдын сапаты жана сандык көрсөткүчтөрү жакшыртылат | 2025-жыл |
Суу ресурстарын башкаруу | Сугат системаларын жаңылоо жана реконструкциялоо | Суунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана үнөмдөө | Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу | 2025-жыл |
Жайыттарды башкаруу | Жайыттарды калыбына келтирүү жана эффективдүү башкаруу системаларын киргизүү | Жайыттардын деградациясын азайтуу жана мал чарбачылыгынын натыйжалуулугун жогорулатуу | Жайыттар жакшыртылат жана жайыттардын туруктуулугу камсыздалат | 2025-жыл |
Жайыттарды инвентаризациялоо | Жайыттардын аянтын жана сапатын сактоо | Био ар түрдүүлүк жана экологиялык тең салмактуулук сакталат | 2025-жыл | |
Жаңы бак-дарактарды отургузуу жана деградацияланган аянттарды калыбына келтирүү | Климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту камсыздоо | Көмүртек сиңирүүчү аянттар көбөйөт | 2025-жыл | |
Климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу | Кургакчылыкка жана суукка туруктуу өсүмдүктөрдү өстүрүү | Айыл чарба туруктуулугун жогорулатуу | Климаттык факторлордун таасири азайтылат | 2025-жыл |
Экологиялык туруктуулукту камсыздоо | Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү | Экологиялык таза продукция өндүрүү | Органикалык продукциянын көлөмү жана сапаты жогорулайт | 2025-жыл |
Билим берүү жана маалымдуулук | Жергиликтүү жамааттарды жана фермерлерди окутуу | Ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча билим берүү | Фермерлердин жана жамааттардын маалымдуулугу жогорулайт | 2025-жыл |
Климаттык өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат кампанияларын уюштуруу | Коомчулуктун климаттык маселелерге сезимталдуулугун жогорулатуу | Калктын климатка ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү жогорулайт | 2025-жыл |
1.2. Жайыттарды, жайыт инфраструктурасын жана мал чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча иш чаралар планы. Инвестициялык план
Фокус-топтордо аныкталган көйгөйлөрдүн приоритеттештирүү жана кичидолбоорлорду алдын ала тандоо боюнча ОГУЛдун жыйналыштары өткөрүлүп, бул жылы ишке ашырылуучу кичидолбоорлордун болжолдуу бюджети аныкталган. Кичидолбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылоо булактары аныкталып, айылдык кеңештин сессиясында бекитилген.
2-таблица.
№ | Чакан долбоорлордун аталышы | Жайгашкан жери | Жалпы сумма, миң.сом | Каржылоо булактары, миң.сом | ||
МИ | Башка булактар (ӨФ, ОКӨФ, долбоор) | Башка (демөөрчү, жамаат) | ||||
1. Токойлорду жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу |
| |||||
1 | Жайыттарды калыбына келтирүү | Чытты, Шор, Эркин | 1000,0 | 0 | 500,0 | 500,0 |
2 | Жайыттарга мониторинг жүргүзүү | Жаздоо-жайлоо | 7,0 | 7,0 | 0 | 0 |
2. Ветеринардык жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу |
| |||||
1 | Жайыт көпүрөлөрүн калыбына келтирүү | Кайнар, Борду участкасы | 500,0 | 500,0 | 0 | 0 |
3. Малдын асылдуулугун жана тоют базасын жакшыртуу |
| |||||
1 | Купка-жуутканаларды куруу | Куршаб | 1 000,0 | 500 | 500,0 | 0 |
2 | Мобилдик куут пунктун уюштуруу | Куршаб | 2 000,0 | 1 000 | 1 000,0 | 0 |
| Жалпы: | 4007,0 | 2 007,0 | 2 000,0 | 500,0 | |
2. Жайыттарды пайдалануу мезгили
Жайыттарды эффективдүү пайдалануу үчүн жайыттарга көчүп конуу графигин так сактоо милдеттүү болуп эсептелет. Себеби, жаздоо жайыттарына малдарды эрте жайылса, анда чөп көтөрүлбөстөн малдын туягы тебелеп, жайытты талкалап салат. Ал эми, жайлоолорго бирдей убакытта көчүү талап кылынат. Анткени, биринчи көчүп барган жайыт пайдалануучулар өздөрүнүн конушуна жеткенге чейин, башка жайыттарга бир топ күн отуруп, талкалап, анан көчүп кеткен учурлар көп катталууда. Ошондуктан, төмөндөгү көчүп конуу графигин ар бир жайыт пайдалануучу так сактоого милдеттүү.
3-таблица.
№ | сезону | мал жаюу мезгили | жайыт | күндөрдүн саны | эскертүү |
1 | Жаз | 01-апрель-20-май | жаздоо | 50 | Жаздан кышка чейин мал жайыттарга жана жайыттардан башка айыл чарба жерлерине багылат. Жайыттын жалпы узактыгы орточо 245 күн. |
2 | Жай | 20-май- 10-сентябрь | жайлоо | 125 | |
3 | Күз | 10-сентябрь- 20-ноябрь | күздөө | 70 |
Мал жаюу мезгили жыл сайын климатка жараша болот. Жаз эрте келсе, жаздоо жайытынын күнгөй тарабы 15-марттан, ал эми тескей тарабындагы жайыттарды 10-апрелден баштап пайдалана башташат. Ал эми, жаз кеч келген жылдары, жайытка 10-15 күн кеч чыгышат.
Жайлоо жайытына май айынын аягынан июнь айынын башына чейин көчүп башташат. Жайлоодон август айынын аягынан, сентябрдын ортосуна чейин көчүп келишет.
Күздөө жайытын, биринчи кар жааганга чейин пайдаланышат.
Жайыт пайдалануучулар жайытка чыгаардан мурда, жайыт билетин алууга милдеттүү. Жайыт акысын төлөгөн жайыт пайдалануучуларга, жайыт аталышы, контуру көрсөтүлгөн жайыт билети берилет.
2025-жылга жайыт билети берилген жайыт пайдалануучулардын тизмеси,
№1 тиркемеде.
3. Жайыттын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү