Редакцияот 27.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара–Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы

2024-жылдын 27-декабры № 2/9

Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылындагы Кыз-Мазар насостук станциясын Кара-Кулжа  райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө

Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылындагы Кыз-Мазар насостук станциясын Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдиндин сунушун талкуулап чыгып, Кара-Гуз айылдык Кеңешинин сессиясы      

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылынын элинин жалпы элдик чогулушунун чечими аткарууга алынсын.

2. Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылындагы 2 228 000 (эки миллион эки жүз жыйырма сегиз миң) сомго бааланган Кыз-Мазар насостук станциясы мамлекеттик менчикке алынып, суу ресурстары кызматынын Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.

 

Төрага

 С.Ч. Абзаитов