Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин  биринчи уюштуруу сессиясынын (VIII шайланган ) жыйналышы

2024-жылдын 27-ноябры № 1/4

Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө 

 

Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын  шайлоо боюнча айылдык кеңештин төрагасынын сунушун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин    2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Кара-Гуз айылдык Кеңеши        

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 27-ноябрь 2024 -жылдагы протоколу бекитилсин.

 

2.Кара-Гуз айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында 8 мандаттуу №3 Кеңеш Пор шайлоо округунун депутаты Абдусатар уулу Абдукадырдын шайлангандыгы таанылсын.

 

3.Кара-Гуз айылдык кенешинин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.

 

 

Төрага:

 С.Ч. Абзаитов