Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин  биринчи уюштуруу сессиясынын (VIII шайланган ) жыйналышы

2024-жылдын 27-ноябры № 1/6

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн  Кара-Жыгач айылынын Очу уулу, Баймат уулу участкасына кетүүчү 4 км авто жолун Кара-Кулжа 26-ДЭП тин балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн  Кара-Жыгач айылынын Очу уулу,Баймат уулу участкасына кетүүчү 4 км авто жолун Кара-Кулжа №26-ДЭП тин балансына өткөрүп берүү жөнүндө  айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдиндин сунушун талкуулап чыгып,Кара-Гуз айылдык кеңешинин сессиясы        

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынын элинин жалпы элдик чогулушунун чечими аткарууга алынсын.

2.Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы ООчу уулу, Баймат уулу участкасына кетүүчү 4 км авто жолу Кара-Кулжа №26-ДЭПтин балансына өткөрүлүп берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 С.Ч. Абзаитов