Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин  биринчи уюштуруу сессиясынын (VIII шайланган ) жыйналышы

2024-жылдын 27-ноябры № 1/11

Кара-Гуз айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы  № 157 “Улуттун наркы жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин  2022-жылдын 30-декабрындагы № 01-13/459 чыгуу санындагы катына ылайык Кара-Гуз айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын уставын талкуулоодо жамааттардан келип түшкөн сунуштарды эске алып Кара-Гуз айылдык  Кеңеши         

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Гуз айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.

 

2.Кара-Гуз айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы https://kara-guz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

3.Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Гуз айылдык Кеңешинин катчысы У.Таалайбек уулуна милдеттендирилсин.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

5.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

 С.Ч. Абзаитов