Редакцияот 03.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз   сегизинчи сессиясы

2024-жылдын 3-сентябры № 8/2

Кара-Гуз айыл аймагындагы Жетим-Дөбө айылынын Күңгөй -Тепши участкасынан Жетим-Дөбө айылынын тургундарын ичүүчү  таза суу менен камсыздоо максатында суу кампа куруу жөнүндө

 

Жетим-Дөбө айылынын элдик жыйындын протоколун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Гуз айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жетим-Дөбө айылынын Күңгөй-Тепши участкасынан 0,12 га жер тилкеси суу кампа куруу үчүн бөлүнүп берилсин.

 

2.Жер тилкесин мыйзамдаштыруу жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси Б.Салиевге милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 Н.И. Бөкөев