Редакцияот 03.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз   сегизинчи сессиясы

2024-жылдын 3-сентябры № 8/4

Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш  айылындагы Келечек 4 көчөсүнө ат коюу  максатында  Кеңеш айылынын элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жөнүндө

Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылындагы Келечек 4 көчөсүнө ат берүү жөнүндө Кеңеш айылынын элдик жыйынынын протоколун  угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айылдык кеңешинин   7-чакырылышынын кезексиз 8- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылынын Келечек 4 көчөсүнө билим берүүгө көп жыл эмгеги сиңген, маркум Исаков Урматбектин атына берилсин, деп атоо жөнүндө Кеңеш айылынын 2024-жылдын 20-августундагы №5 протоколу бекитилсин.

2.Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылындагы Келечек 4 көчөсүнө маркум Исаков Урматбектин ысымы ыйгарылып, Исаков Урматбек атындагы көчө деп аталсын.

3.Кара-Гуз айылдык аймагынын Кеңеш айылынын Келечек 4 көчөсүнө Исаков Урматбекке ысымын ыйгаргандан баштап, жыл сайын ондоп, түзөө иштерин колго алуу ар кандай иш-чараларына жакындан жардам көрсөтүү жагы Исаков Урматбектин үй-бүлөөсүнө тапшырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 Н.И. Бөкөев