Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз жетинчи сессиясы

2024-жылдын 29-августу  №7/1

Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылындагы жер алдынан  бургулоо жолу менен сугат суу чыгаруучу беш тике суу кудукту (скважиналарды) жана Кыз-Мазар насостук станциясын    Кара-Кулжа   райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылындагы жер алдынан бургулоо жолу менен сугат суу чыгаруучу 5 тике суу кудукту(скважиналарды) жана Кыз-Мазар насостук станциясын    Кара-Кулжа   райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдиндин сунушун талкуулап чыгып, Кара-Гуз айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

               1.Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылынын элинин жалпы элдик чогулушунун чечими аткарууга алынсын.

 

2.Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш айылындагы жер алдынан бургулоо жолу менен сугат суу чыгаруучу 5 тике суу кудук (скважиналар) жана Кыз-Мазар насостук станциясы мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын    Кара-Кулжа   райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.

 

№

Суу кудуктун техникалык паспортунун номери

Казылган жылы

Баасы (сом менен)

1

№7229

1972

764 323

2

№21215-Д

1991

575 531

3

№936-Д

1970

1 052 501

4

№2347-Д

1984

689 410

5

№21216-Д

1991

577 450

6

Кыз-Мазар Насостук станциясы

2017 курулган жылы

4 347 034

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 Н.И. Бөкөев