Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз жетинчи сессиясы

2024-жылдын 29-августу  №7/4

Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим-Дөбө айылына курула турган кичи футболдук аянтчага ат коюу  тууралуу Жетим-Дөбө айылынын элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жөнүндө 

Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим-Дөбө айылына  түрткү берүүчү гранттын эсебинен кичи футболдук аянтча курууга проектин долбоорун даярдоо жана ага ат берүү жөнүндө Жетим-Дөбө айылынын элдик жыйынынын протоколун  угуп жана талкуулап Кара-Гуз айылдык кеңешинин  7-чакырылышынын кезексиз 7- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим-Дөбө айылына курулуп жаткан кичи футболдук аянтчанын аты улуттук бел боо күрөшүнүн чебери маркум Эшеналиев Нурмаматтын атына берилип, Нурмамат ата футболдук аянтчасы деп атоо жөнүндө Жетим-Дөбө айылынын 2024-жылдын 1-августундагы №4 протоколу бекитилсин.

 

2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жетим-Дөбө айылында дем берүүчү гранттын эсебинен курулуучу кичи футболдук аянтчага бардык керектүү документацияларын проектисин бүтүрүү жагы демилгечи топтун башчысы А.Эшеналиевге жүктөлсүн.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун-басар жооптуу катчысы К.Каденовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

     Н.И. Бөкөев